Бишкек-Ош каттамы 8-июнда жанданат

Автор -

Кыргызстанда 2020-жылдын 8-июнунан баштап ички рейстер жанданып, Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Бөлүшүү