Филиппинден жана Кореядан 58 кыргыз жараны кайтып келди

Автор -
Филиппин жана Кореядан кыргыз жарандарын алып келген учак. 29.05.2020

«Манас» эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты. Бул туурасында ТИМден билдиришти.

Аталган каттам менен 58 кыргызстандык жаран Мекенине кайтып келди.

Чартердик аттам Кореядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү