Ошто айдоочу бакты сүзүп каза тапты

Автор -

Ош облусунда унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып бакты сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-майда саат 17:50дө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагында Ноокат-Папан унаа жолунун 1-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Жерине ӨКМнын №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү