Текебаевдин иши боюнча сот 25-июнга жылдырылды

Автор -
@Azattyk

28-майда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум 25-июнга чейин жылдырылды. Бул тууралуу ишти карап жаткан райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады, деп жазат «Азаттык»

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Ушул тушта Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатат.

Эки саясатчы 2017-жылы коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү