Чек ара кызматы: Чечме айылында абал туруктуу

Автор -

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылында абал туруктуу.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек тартип сакчылары бирдикте чек арага чектеш аймактарды кайтарууга алышты.

Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Чечме айылындагы булак талашка түшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда кагылышуу катталган. Анын кесепетинен Кадамжай районунун бир канча тургуну медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.

Бөлүшүү