COVID-19: Монголияда 50 миңдей адам жумушсуз калды

Автор -
211

COVID-19 пандемиясынан улам Монголияда 50 миңге жакын адам жумушунан айрылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Улуттук соода-өнөр жай палатасынын эсептөөлөрүнө ылайык, эгер катуу изоляция улана берсе, дагы 260 миң адам жумушсуз калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Монголияда акыркы 3 күндөн бери коронавирус жуктурган бейтаптар каттала элек. Республикада жалпы 185 адам коронавируска кабылган.  Алардын ичинен 44 адам айыгып чыгып, калгандары дарыланууда. Көз жумгандар жок.

Бөлүшүү