COVID-19 пандемиясынан улам Монголияда 50 миңге жакын адам жумушунан айрылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Улуттук соода-өнөр жай палатасынын эсептөөлөрүнө ылайык, эгер катуу изоляция улана берсе, дагы 260 миң адам жумушсуз калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Монголияда акыркы 3 күндөн бери коронавирус жуктурган бейтаптар каттала элек. Республикада жалпы 185 адам коронавируска кабылган. Алардын ичинен 44 адам айыгып чыгып, калгандары дарыланууда. Көз жумгандар жок.