Кочкордо унаа оодарылып кетип, бир адам жабыркады

Автор -

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү саат 20:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымынын Кубакы ашуусунда ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, жолдон чыгып оодарылган.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркаган.

Жерине ӨКМнын №42 өрткө каршы куткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери жеткенге чейин жабыркаган адамды жергиликтүү тургундар унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү