«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде үч жүздөй унаа кезекте турат

Автор -
213

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн 300гө жакын оор жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкөнүн чек арачылары жактан эч кандай тоскоолдук жок, кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүүдө.

Мындай көрүнүш бул бекеттин жанында улам кайталанып келатат.

Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын 29-майда өткөн онлайн саммитинде Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керектигин, жүк мурдагыдай эле ташыла берүүгө тийиш экенин айткан.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү.

Бөлүшүү