Кыргызстанда коронавирустан 17-бейтап көз жумду

Автор -

Өлкөдө коронавирустан улам 17-бейтап каза тапты. Бул туурасында саламаттык  сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 2-июнда, билдирди.

Анын айтымында, өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.

«Кечээ кечинде абалы оорлошуп, биздин аракеттерге карабастан жүрөгү токтоп калды. Ал 13-майдан бери Нарын облустук ооруканада дарыланып жаткан болчу. 29-майда реанимацияга которулган, ал ооруну оор түрдө өткөрүп жаткан, дем алууда кыйналып жаткан. Буга чейин инсульт болгон экен, кант диабети жана башка оорулары бар экен, ушулардын негизинде көптөгөн аракеттерге карабай абалы кескин начарлап, көз жумду», -деди ал.