Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

Автор -

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин бири коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Учурда оору аныкталган кызматкер ооруканада.

Айрым маалыматтар боюнча, ал инфекцияны коронавируска кабылган тууганынан жуктуруп алган. Байланышта болгон адам катары анализ тапшырып, жыйынтыгы анда инфекциянын бар экенин көрсөткөн.

Буга чейин министрликтин дагы 2 кызматкеринен оору аныкталган. Алар айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.


Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү