Кыргызстанда 5-июндан тарта ички аба каттамдары жанданат. Мындан улам Республикалык штаб уча турган жүргүнчүлөрдөн төмөнкү эрежелерди сактоону суранат:
УЧУП КЕТЕ ТУРГАН ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ
Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстеринин имаратында буларга гана кирүүгө болот:
- Көрсөтүлгөн күнгө карата белеттери бар авиажүргүнчүлөргө;
- Жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамдарга.
- Мында жаныӊарда басып чыгарылган авиабилет же уюлдук аппараттарда электрондук версиясы болушу керек.
Каттоодон өтүү үчүн аэропортторго эрте, каттам учканга чейин 2 саат мурун келүү сунушталат. Каттам учууга 40 мүнөт калганда аяктайт.
Аэробекеттин кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрү дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт, ошондой эле тепловизиондук камералардын жардамы менен дене таптары текшерилет.
[ads-quote-center cite=’Республикалык штаб’]Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн аэробекеттин ичинде беткап тагынууну, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоону, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдын алуу талаптарды жана чараларды колдонушуңуздарды суранабыз.[/ads-quote-center]Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткырылат.
УЧУП КЕЛЕ ТУРЧУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР ҮЧҮН
Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда бардык учуп келген жүргүнчүлөр жана жол жүктөрү милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт.
Бардык учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү жана термометрикалык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн тепловизиондук камералар пайдаланылат.
Аэробекеттин ичине кирерде сөзсүз түрдө медициналык беткап тагынуу, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды колдонуу керек.
Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткырылат.