Нарында бир медкызматкер коронавирус жуктурду

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 365 учур катталды, алардын ичинен 265 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.