Министрлик: Чолпон-Атага лаборатория уюштуруу пландалууда

Автор -

Кореядан Кыргызстанга 2 ПЧР-аппарат алынып келинди, анын бири Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 4-июнда, брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул аппараттар керектүү медициналык каражаттары менен чогуу алынган.

«Бир аппаратты Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Бөлүшүү