Равшан Жээнбековду 18-июлга чейин камакта кармоо чечими күчүндө калды

Автор -

Бүгүн, 4-июнда, Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун жактоочуларынын арызын карап чыгып, Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимин өзгөрткөнгө негиз жок деп тапты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын 18-июлга чейин узарткан. Ага карата шаардык сотко биз даттануу менен кайрылганбыз. Бирок шаардык сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Биз буга каршыбыз. Себеби Жээнбеков негизсиз гана камакта отурат», — деди жактоочу.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында Кой-Таш окуясы боюнча жүрүп жаткан иштин алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин «барымтага алуу», «массалык баш аламандык уюштуруу» жана «бийликти күч менен басып алуу» боюнча айып коюлган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү