Ысык-Көлдө коронавирус аныкталган тургун жентек той берген

Автор -
280
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 4-июнга карата, Кыргызстанда дагы 28 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын бирөө  Ысык-Көл облусунун тургуну экени айтылды.

Turmush басылмасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевге таянып билдиргендей, коронавирус аныкталган жаран Жети-Өгүз районунун 1997-жылы туулган тургуну.

Ал 22-25-май күндөрү Бишкек шаарында болчу. Андан кийин Ысык-Көл облусуна келип, жентек той өткөргөн. Тойго 20 киши барган.

«Алардан да анализ алынып, үй карантинде болушат», -деген Сагынбаев басылмага.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган облуста 14 кишиден коронавирус аныкталып, алардын баары айыгып чыккан.