Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 1
• Нарын облусунда – 3
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.