Ысык-Көлдө бир үй-бүлөдөн коронавирус аныкталды. Аларга Оштон конок келген

Автор -
310

Бүгүн жаңы аныкталган 37 учурдун үчөө Ысык-Көл облусунан чыкты. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин брифинги учурунда маалым болду.

Saat.kg порталына өздүк булактар билдиргендей, коронавирус аныкталган 3 бейтап Каракол шаарынын тургундары, бир үй-бүлө мүчөлөрү.

«Алардын үйүнө Орозо айт күнү Ош шаарынан бир конок келип кеткен экен. Өздөрү дагы 11 адам менен байланышта болушкан. Учурда алардын баары обсервацияга жаткырылды. Алар жашаган үйдө «Үмүт» үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору боло турган. Ал карантинге жабылды. Азыр коронавирус аныкталган үй-бүлө жашаган үйдү дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат», -дешти булактар.

Бүгүн, 5-июнга карата Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктургандардын саны 18ге жетти. Алардын ичинен 14 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1936 адамга жетти.