Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин саны төрт жүзгө жетти

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 4
• Чүй облусунда – 1

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.