Тоң районунда жол кырсыгынан эки киши каза таап, 3 адам жабыркады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ 2020-жылдын 7-июнь күнү саат 04:00 чамаларында Бишкек− Нарын−Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) болгон.
«Хонда Степ» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.
Жол кырсыгынан кесепетинен 18 жаштагы кыз, 19, 34 жаштагы эки эркек киши жабыркаган. 39 жана 48 жаштагы эки аял киши каза болгон.
Жерине Балыкчы шаардык №19 АӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.