Жети-Өгүздө үй карантин шартын бузган 3 жаранга айып салынды

Автор -
@Turmush

Жети-Өгүз районунда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында бир катар профилактикалык жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ушундай иштердин жүрүшүндө, 5-июндан 7-июнга чейинки аралыкта үй карантиндин шарттарын бузган 3 жаран милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Алар — Россия Федерациясынан келишкен 43-жаштагы С.Т. жана 22-жаштагы Ж. кызы А., ошондой эле оорулу адам менен байланышта болгон 43-жаштагы С.Н. болуп чыгышты.

Аталган жарандар менен онлайн режим аркылуу үй карантиндин шарттарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык эпидемиологиялык кызматынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 293 беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен тийиштүү протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ысык-Көл облустук милициясы дагы бир жолу эскертет: үй карантини мезгилинде үйдөн чыгууга болбойт. Мүмкүн болушунча үй-бүлөнүн мүчөлөрү менен аз байланышта болуп, өзүнчө бөлмөдө болуу зарыл. Өзүнчө идиш-аяк, кол аарчы жана гигиена каражаттары менен колдонуу керек. Ар дайым бөлмөнүн ичин желдетип, атайын каражаттар менен тазалап туруу абзел. Ар дайым медицина кызматынын дарыгерлери менен кеӊешип, алардын айткан кеп-кеӊештерин аткаруу керек.