Биринчи май райсоту Каныбек Осмоналиевдин ишин карап жатат

Автор -

Бүгүн, 9-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши каралууда.

Эске салсак, 2020-жылдын 2-мартында баш калаада экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциянын катышуучулары бийликке өз талаптарын коюп, Жогорку Кеңештин имаратын көздөй баратканда милиция кызматкерлери кууп тарата баштаган. Митингге чогулгандар укук коргоочуларга таш ыргытышып, алардын экөө жабыркаган. Каршылык акциясынан кийин анын 4 активдүү катышуучусу кармалган. Андан сырткары УКМК кызматкерлери митингде модератор болгон экс-депутат Каныбек Осмоналиевди кармап, ага бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу айыбын тагышкан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.

Бөлүшүү