Бишкекте 6 бала бакча кызматкеринен коронавирус табылды

Автор -
214
@24.kg

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери ишин баштаганга чейин коронавирус инфекциясынын бар-жогуна карата ПЧР-диагностикадан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот.

«ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыктан, азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө», -дешет мекемеден.

Мамсанэпид көзөмөл борбору республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тийиштүү санитардык нормалар (санитайзер, дез.килем орнотуу, термометрия ж. б.) шаардык санэпид көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет.