Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткап тагынуу жөнүндө сунуштарын жаңылады

Автор -

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткап тагынуу жөнүндө сунуштарын жаңылады. Бул туурасында бүгүн, 9-июнда, Республикалык штабдын брифинги учурунда белгилүү болду.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын айтымында, беткап тагынууну — ооруну алдын алуу чараларынын бири катары кароо керек.

  • Коронавирус инфекциясынын кеңири таралуу шарттарында бардык медкызматкерлер жумуш учурунда беткап тагынуусу зарыл. Коронавирус илдети менен бейтаптар жаткырылбаган ооруканаларда, мисалы төрөт үйүндөгү же кардиологияда иштеген дарыгерлер дагы беткап тагынуусу керек.
  • Вирус кеңири жайылган аймактарда, социалдык аралыкты сактоо мүмкүнчүлүгү жок учурда, 60 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар беткап тагынып жүрүүсү керек.
  • Калк коомдук жайларда да: жабык имараттарда, коомдук транспорттордо, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жерде беткап тагынууга тийиш.
  • Калк арасында синтетикалык же пахта кездемесинен жасалган беткапты тагынууга болот.
  • Бир гана беткап менен коронавирустан коргонуу мүмкүн эмес. Андыктан, социалдык аралык жана башка бекитилген санитардык талаптарды аткаруу кажет.

Ошондой эле, айрым сунуштар өзгөрүүсүз калды. Алар төмөнкүлөр:

  • COVID-19 вирусунун симптомдору бар адам өзүн-өзү изоляция кылуусу керек.
  • Коронавирус илдети тастыкталган учурда бейтаптар изоляцияга алынып, медициналык мекемеде дарылануусу зарыл. Ал эми алар менен байланышта болгон жарандар үй карантинине алынышы шарт.
  • Оорулуу адам менен бир бөлмөдө болгон жана аны карап жаткан жарандар, үйдөн жана сыртка чыккан учурда дагы беткап тагынуусу зарыл.
  • медкызматкерлер бейтаптар менен байланышта болгондо жана дарылоодо беткап менен өздүк коргонуу каражаттарын колдонуусу керек.