«Орто-Сай» базары дезинфекция иштерине жабылат

Автор -

Бишкектеги «Орто-Сай» базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, базар убактылуу жабылат. Маалыматты бүгүн, 9-июнда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча өткөн жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир катар жарандардан кайрылуулар болуп, алар аталган базарга баргандан кийин коронавирус жуктуруп алышканын айтышкан.

Вице-мэр базар канча күнгө жабыларын айткан жок.