Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан 1 бейтап каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, 1973-жылы туулган аял киши буга чейин гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан. 31-майда андан коронавирус аныкталган.
«Ал химиотерапия алып жаткан болчу. Көрүлгөн аракеттерге карабастан, коронавирустун айынан оорулары күчөп каза тапты», -деп билдирди министрдин орун басары.
Муну менен өлкөдө коронавирустан 24-бейтап каза болду.