12-июндан тарта Бишкектен Ошко учак күнүнө 2 жолу каттап баштайт

Автор -

«Манас» Эл аралык аэропорту» 2020-жылдын 12-июнунан баштап «Бишкек-Ош-Бишкек» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдарын күнүнө эки жолу аткарат. Каттамдарды «Тез Жет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат.

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу)

Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын-ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.

«Бардык жүргүнчүлөрдөн сунушталган сактык чараларды ынанымдуу сактоолорун өтүнөбүз. Аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар», — деп эскертишет аэропорттон.