Нарында балык уулоого кеткендерди издөө уланууда

Автор -
284
Иллюстрациялык сүрөт

Нарын облусунда балык уулоого кеткен тургундар 6 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 5-июнь күнү Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 42,43 жаштагы эки тургуну Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз жоголушкан.

Бул маалымат аймактык куткаруучулар бөлүмүнө келип түшүп, алар тургундарды издеп башташкан. 10-июнь күнү издөө иштерин улантуу үчүн 13 куткаруучу,
жергиликтүү тургундардан 18 адам тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

«Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00 издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн, 11-июнь күнү издөө иштери улантылат», — деп билдиришти ӨКМден.