Бишкекте 19 жаштагы кыз жаранды ири суммадагы акчага алдап кеткен

Автор -
236

Бишкекте 19 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал белгисиз жарандын ишенимине кирип, 1 миллион 615 миң 900 сомун алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 8-июнь күнү жабырлануучу аял милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Анда бир кыз менен бир бала өздөрүн «Форекс» биржалык компаниясынын кызматкерлерибиз» деп тааныштырып, жабырлануучуга акча каражатынан пайда табууну убадалашкан.

«Алар жабырлануучуга акча каражатынан 40-50 пайыз киреше табууга мүмкүн экенин айтышып, терминал аркылуу 1 миллион 615 миң 900 сом алып, изин жашырып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинген 2001-жылы туулган А.Б. аттуу кыз кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми окуя болгон учурда шектүү менен бирге жүргөн жигит Т.М. экени белгилүү болду. Ал иштен күбө катары өтүп жатат, тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык анын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Биринчи Май райондук соту 11-июнда 19 жаштагы кызга карата СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча амалдар жүргүзүлүүдө», — дешти маалымат кызматынан.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар же ал тууралуу кошумча маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 56-32-48, 0(550) 10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) же 102.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү