Министрлик: 14 адамдын вирусту кайдан жугузганы белгисиз бойдон калды

Автор -
214

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы тастыкталган жарандардын он төртү вирусту кайдан жугузуп алганын билбейт. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүн, 12-июнда, COVID-19 вирусу менен жаңы 37 учур катталды.

«Чет өлкөдөн келгендерден 3 учур, медициналык көзөмөлдө турган жарандардан 20 учур тастыкталды. Ал эми, жугузган шарттары белгисиз бойдон 14 учур калууда»,-  деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.

2020-жылдын 12-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны 2 166га жетти. Алардын ичинен 1668 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. 26 адам каза тапты.

Учурда стационарда 472 бейтап дарыланууда, бирөөсү жандандыруу бөлүмүндө. COVID-19 жуктуруп алган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 9 272 адамга жетти. 1 693 адам обсервацияда жатат.

Бөлүшүү