Күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бүгүн 100 адамдан коронавирус аныкталды

Автор -

2020-жылдын 16-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 100 учуру катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 57
Чүй облусу – 11
Ош ш. – 11
Ош облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 9
Талас облусу – 3

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2472 адамга жетти. Айыккандар — 1847 адам.