Өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап каза тапты

Автор -

Өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Бейтап 85 жашта болгон. Ал Улуттук фтизиатрия борборуна жаткырылып, коронавирус аныкталгандан кийин Кыргыз-Түрк ооруканасына которулган. Анда илдет оор түрдө өткөндүктөн, көрсөтүлгөн жардамга карабай кайтыш болду», — деди ал.

Өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 28ге жетти.


Бөлүшүү