Президент Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 16-июнда кабарлады.

Президенттин жарлыгына ылайык, кыргыз өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти. Биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана өкмөт мүчөлөрү кийинки курам түзүлгөнчө, милдеттерин аткаруучу катары ишин улантышат.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирип, жыштык чатагында эч кандай күнөөсү жок экенин маалымдаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү