Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жетет деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Министрликтин маалыматына ылайык, катуу шамал түндө дагы болот.
Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.