Бишкекте «Чынар» кичи базары менен «Кыял» базары дезинфекцияга жабылат

Автор -

Бүгүн, 17-июнда, «Чынар» кичи базары менен «Кыял» базары жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, базарлар дезинфекциялоо иштери үчүн жабылат.

«Учурда шаарда эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калууда. Ага байланыштуу базарлар, коомдук жайлар алдын алуу иштерин токтотпошу керек. Дене табын өлчөөчү термометр, санитайзерлер, нымдуу тазалоо, кардар менен кызматкерлердин жеке гигиенаны жана аралыкты сактоосу, беткап, кол кап кийүү сыяктуу эрежелер сакталышу шарт. Санитардык нормаларды сактабаган экономикалык ишмердүүлүктөрдүн ээлерине айып салынып, ишмердиги убактылуу токтотулат» , — деди вице-мэр.