Сокулукта 14 жаштагы кызды зордуктаган жаран Бишкектен кармалды

Автор -
359

Чүй облусунун Чат-Көл айылында 14 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 14-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айынын аягында Максат аттуу бала анын жашы жете элек кызын күч менен
«БМВ» үлгүсүндөгү автоунаасына салып, зордуктаганын билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып сотко чейинки  өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү баланын өздүгү аныкталып, ал 24
жаштагы К.М. болгону такталган. Шектүү жаран жашаган жерин бат алмаштырып, ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата Сокулук РИИБи тарабынан издөө жарыяланган.

«Белгилей кетүүчү жагдай, «зордуктоого шектүү жаран ошол эле айылда ээн- 
эркин жүрөт» деген маалымат чындыкка туура келбей турганын билдиребиз.
Анын жүргөн жерин тактоо жана кармоо үчүн милиция кызматкерлери тиешелүү
иштерди жүргүзүшкөн. Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан 16-июнь күнү анын  жүргөн жери тууралуу ыкчам маалымат алынып, жүргүзүлгөн ыкчам
иш-чаралардын натыйжасында 24 жаштагы К.М. 16-июндан 17-июнга караган
түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн
биринен кармалды», -деп билдиришет милициядан.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко
чейинки өндүрүш иштери улантылууда.