Ысык-Көл: июндун башынан бери 4 бала сууга чөгүп каза болду

Автор -
273

Июнь айынын башынан бери Ысык-Көл облусунда жаш балдардын сууга чөгүп каза болгондугунун 4 учуру катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мындай кырсыктардын орун алышына көлгө түшүүнүн эрежелерин билбестик, өздүк коопсуздукту сактабоо, ата-энелердин тийиштүү көзөмөл жүргүзбөшү себеп болууда.  Анын жыйынтыгы – биздин балдарыбыздын өмүрүнө жана ден-соолугуна чоӊ коркунуч алып келүүдө.

«10-июнь күнү Жети-Өгүз райондук милициясына 2 жашар кыз арыктын суусуна түшүп кетип, каза болгондугу жөнүндө кабар түшкөн. Териштирүү учурунда, ата-энеси кыска убакытка эле  кызын көзөмөлдөн чыгарып жиберишкендиктен, бала тез ага турган арыктын жанында ойноп жатып, сууга кулап кетип, тумчугуп калган.

12-июнда Сары-Ой айылынын жанында көлгө түшүп жатып, 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери аныктагандай, жаш улан жай мезгилинде эс алуу жайларынын биринде иштеп алууга Нарын облусунан келген. Ошол күнү, өзүнүн танышы менен көлдүн жээгинде эс алууну чечишкен. Бирок эс алуусу өмүрүнүн кыйылышы менен аяктады», -деп маалымдашты облустук милициядан.

Көлдүн жана суунун үстүндө ар кандай бөөдө кырсыктардын алдын алуу максатында Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери бир катар профилактикалык иштерди турмушка ашырып келүүдө. Жайкы эс алуу мезгили башталгандан баштап, милициянын кайгуул күзөт багыттары элдин массалык эс алуу жайларына жакындатылды. Тийиштүү рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлери, куткаруучулар жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен бирдикте жеке эле официалдуу пляждарды эмес, жалпы эле эс ала турчу көлдүн жээктери текшерилип, элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ата-энелерге балдарынын коопсуздугун камсыз кылууда, бардык жагдайларды жана шарттарды тереӊ баамдап, анан эс алууга чыгышын эскертет. Бир мүнөткө да балдарын көзөмөлдөн чыгарбай, аларга көлдө сүзүүнүн эрежелерин, өзүн коомдук жайларда, жаратылышта кандай алып жүрүшүн ар дайым эскертип туруусу зарыл.

Башка жаш бала коркунучка кабылса, кайдыгерликтен алыс болуп, ага жардам көрсөтүү абзел!