Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди, деп жазат «Азаттык».
«Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы. Аравандын акими карантиндик кырдаалда абдан мыкты иштеди. 2019- жылдын жыйынтыгы менен Ош облусунда «жылдын эң мыкты акими» деп табылган», -деди ал.
Кадырбекованын маалыматына караганда, аким менен чогуу иштегендер, анын ичинде өкмөттүн облустук акимчилигиндеги айрым кызматкерлер да ПЧР-анализ тапшырышууда.
19-июнга карата Ош облусунан 12 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен экөө Араван районунан аныкталган.