Бишкек мэриясынын кызматкеринен коронавирус аныкталды

Автор -

Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкеринен вирус аныкталды. Бул тууралуу анын жетекчиси Балбак Түлөбаев 24.kg агенттигине маалымдады.

Борбордук аппараттын кызматкерлеринин бири тамагы ооруп, жөтөлүп баштаганынан тест тапшырган.

«Башка симптомдору жок. Кечээ коронавирус деп чыккан, экинчи анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз», — дейт Балбак Түлөбаев.

Ал кошумчалагандай, мекеменин баардык кызматкерлери анализ тапшырышкан, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

«Биз ар бир бөлүмгө бирден гана кызматкер алып калып калгандарын үйлөрүнө жөнөттүк. Анализдин жыйынтыгы менен иш алып барышат. Имаратты дезинфекциялайбыз», — деп баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2 миң 789га жетти, анын 132си бүгүн катталгандар.

Бөлүшүү