Болот Шер менен коштошуу зыйнаты 23-июнда өтөт

Автор -

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдакы ички иштер министри Болот Шер 61 жашында каза болду. Бул туурасында анын бир тууганы Садык Шер-Нияз социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Коштошуу зыйнаты өзүнүн керээзи боюнча Чоң-Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт», — деп жазган ал.

Болот Шер Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине инсульт болуп түшүп, кечээ өзүнө келбей көз жумган.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда төрөлгөн. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, ИИМди жетектеген.

«Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп, 2013-жылы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча депутаттык комиссияны жетектеген.

Бөлүшүү