Жалал-Абад шаарынын мэри коронавирус жугузуп алды

Автор -

Социалдык тармактарда тараган «Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алыптыр» деген маалыматты шаардык мэриянын басма сөз борбору ырастады, деп жазат «Азаттык».

Калаа башчысынан COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.

Тагаевден коронавирус табылганын Жалал-Абад облустук штабы да тактады. Ал жыйындарда бирге болгон облустук штабдын башка мүчөлөрүнүн абалын эпидемиологдор изилдеп жатышат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Натыйжада 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти. Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 32 болду.