Батукаевдин иши. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 жылга эркинен ажыратылды

Автор -
@super.kg

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин иши боюнча сот болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү судья Эмилбек Каипов чыгарды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарын, сыйлыктарын артка чакыртып алууну сураган.

Жараянга мурдагы президент өзү катышкан жок. Буга чейинки процессте сот Атамбаевди тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылган. Мындан сырткары экс-президент бир нече ирет сот жараяндарына катышуудан баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Ал эми бул иште соттолуучу катары өтүп жаткан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мамлекеттик айыптоочу 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну; ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратуу жана полковник наамын алып коюуну;  академик, дарыгер Абдулхалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоону суранган.

Жалпысынан бул ишке 19 адам айыпталуучу катары каралууда.