Бишкекте 3 жаш бала адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Автор -
248

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 23-июнга караган түнү саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн.

«Кызматкерлер дароо «Тез жардам» кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алышкан. Ыкчам издөөнүн натыйжасында, Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К., 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. изи сууй электе кармалып, Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — дешти мекеменин маалымат кызматынан.