Бөлүм башчыдан жана күзөтчүдөн чыкты. Президентти Москвага коштоп кеткендерден коронавирус табылды

Автор -
233

Бүгүн, 24-июнда, Москвада Жеңиш парады өтүүдө. Ага катышууга Кыргызстандан президент баш болгон делегация кеткен. Бирок Сооронбай Жээнбеков парадга катышкан жок.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп кеткендердин арасынан эки адамдан коронавирус табылганы себеп болгон.

«Алгоритмге ылайык, парадга катышууга барган бардык делегация мүчөлөрү жана коштоп барган адамдар Москвага келер менен коронавируска тест тапшырышкан. 

Анын жыйынтыгы Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдо жана бир күзөт кызматкеринде вирус бар экенин көрсөткөн. 

Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына карата өтүп жаткан иш-чараларга катышуудан баш тартты», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү