Вице-мэр Бишкекте ишкерлер талаптарды сактабай жатканын билдирди

Автор -

«Урматтуу шаар тургундары, акыркы он күн ичинде COVID-19 диагнозу аныкталгандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Бүгүн, 24-июнга карата Бишкек шаарында илдетке чалдыккандардын саны 1334 адамга жетти, бул өлкөдөгү оору жуктургандардын 35 пайызын түзөт», — деди Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова маалымат брифингде.

Ал белгилегендей, борбор калаада оорудан айыккандардын жалпы саны 471 адамды түзөт. 1609 адам үй карантининде. Бишкекте коронавирустан 9 адам каза болду. Ооруга чалдыккандардын 418и ооруканаларга өздөрү кайрылышкан.

«Борбор шаарда эл топтоло турган бардык иш-чаралардын түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынган. Буга карабастан көпчүлүк ишкердик объектилердин жетекчилери жоопкерчиликти сезбей жатышат. 13-майдан 23-июнга чейин мобилдик бригада 8 миң 899 ишкердик объекттерин текшерип, алардын 1 176сына протокол түзүлүп, жалпы 2 миллион 528 миң сом айып салынды. Бардык ишкердик объекттердин жетекчилерине тиешелүү болгон санитардык нормаларды сактоо талап экенин дагы бир жолу эскертебиз. Муну сактабагандарды убактылуу жабууга туура келет», — деди вице-мэр.

Бөлүшүү