19 медкызматкер вирус жуктурса, жетөө айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин онлайн-жыйыны учурунда белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 13
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Баткен облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү