Каратаев: 1 164 адамда коронавирус жеңил өтүп жатат

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

2020-жылдын 25-июнуна карата ооруканаларда 635 киши коронавирустан дарыланып жатат, алардын он экиси — жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

«Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткандардын саны — 1 164. Ал эми COVID-19 жуктуруп алганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 16 265 адамга жетти», -деп билдирди министрдин орун басары. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү