ӨА учурунда иштеген тартип сакчыларына компенсация төлөө маселеси чечилди

Автор -

Өзгөчө абал шарттарында иштеген аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду, деп билдиришти өкмөттөн.

Маалыматта бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылат.

Кыргызстанда бүгүнкү күнү 3 954 адамдан коронавирус аныкталды, алардын 648и медкызматкерлер. Айыгып чыккандардын саны — 2 112, каза тапкандар — 43.

Бишкекте 11-майда өзгөчө абал алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү