Ысык-Көлдө бир ишкананын 12 кызматкеринен коронавирус аныкталды, — ЖМК

Автор -
232

Бүгүн, 25-июнда, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктуруп алганы айтылган 12 адамдын баары — бир ишкананын кызматкерлери. Мындай маалыматты Turmush басылмасы жазып чыкты.

Ысык-Көл облустук ыкчам штабдын басылмага билдиргенине караганда,  бейтаптардын бирөө — Каракол шаарынын, бирөө — Ысык-Көл районунун тургуну. Ал эми калганы — Балыкчы шаарынын жашоочулары. Алардын баары облустагы кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери.

«Кызматкерлер ишкананын талабы боюнча 19-июнда коронавируска анализ тапшырышкан. Учурда бейтаптардын абалы жакшы. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы алгоритмине ылайык, алар үйүндө дарыланышат», — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облусунда бүгүнкүгө чейин 74 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 28 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. 1 адам каза болду.

Бөлүшүү