Сооронбай Жээнбековдун анализи таза чыкты

Автор -

Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта өлкө башчысы жана делегация мүчөлөрү кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен коронавируска карата кайрадан тест тапшырышканы айтылат.

«Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт. Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат», — дешет басма сөз кызматынан.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыккан. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү